Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Президенттик башкаруудагы бир жыл. Сөз эркиндигинин абалы


2020-жылы ноябрдагы президенттик башкарууга каршы акция.
2020-жылы ноябрдагы президенттик башкарууга каршы акция.

3-майда басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү белгиленип жатат. Кыргызстанда туура бир жыл мурун президенттик башкаруу ыкмасындагы Баш мыйзам иштей баштаган. Акыркы бир жыл ичинде сөз эркиндигинин абалы кандай болду?

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индекси-2022” аттуу баяндамасында Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен жети баскычка алдыга жылып, 72-орунду ээледи.

Бирок Кыргызстандын медиа коомчулугу өлкөдөгү сөз эркиндигине тынчсызданып, бийлик кысым көрсөтө баштаганын белгилешүүдө.

Медиа-эксперт Аскер Сакыбаева Кыргызстан президенттик башкарууга багыт алганы сөз эркиндиги начарлап баратат деп эсептейт.

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

“Президенттин акыркы маегиндеги журналисттерге карата риторикасына караганда, жактырбагандай маанай бар. Ушундан эле сөз эркиндигинин абалын билсек болот. Президенттик башкарууга өткөндөн бери Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы абдан начарлап келатат. Акыркы үч айда 3-4 маалымат каражатына кылмыш иши козголду, тергөө жүрүп жатат, камакка алынды. Президенттин маегинен сөз эркиндигине кысым күчөй бере турганын түшүндүк. Себеби иликтөөчү журналисттерди жардам бергиле дегенинен танып, жактырбагандай мамиле жасап жатат”.

20-апрелде иликтөөчү журналист Болот Темировго карата дагы үч кылмыш иши козголгону кабарланды. Жалпысынан ага карата паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча төрт иш ачылганы белгилүү болду.

Журналист муну өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдарынын тендерлерди жеңип жатканын иликтеген ишине тиешеси болушу мүмкүн экенин кыйыткан.

Ички иштер министрлиги бул иште эч кандай саясий кызыкчылык жок экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде Болот Темировдун ишине кенен токтолгон.

"Болот Темировго кылмыш иши үч ай мурда эле ачылган. Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Орусиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады. Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров алардын бирөөсү гана. Ишенбесеңер, журналисттерден турган комиссия түзүп барып, Ички иштер министрлигинин кагаздарын көргүлө. Министрлик көрсөтөт. Жашыруун эмес. Болот Темиров журналист болгону үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде “журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың” деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? Баары менен бирдей жооп берет. Мыйзам президенттен баштап жөнөкөй жарандар үчүн баарына бирдей. Ушуга баш ийели баарыбыз, ээнбаштык кыла бербей".

Өткөн айда Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу билдирүү жасады. Анда акыркы айларда кыргыз бийлиги журналисттерге, эркин медиага карата куугунтукту күчөткөнү айтылат.

Буга Next TV телеканалы, Kaktus.media сайты жана иликтөөчү журналист Болот Темиров менен аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун айланасындагы окуялар, кылмыш иштеринин козголушу, камакка алуу, тинтүү учурлары мисал келтирилген.

Андан тышкары Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын (ЖТР) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркулов 2021-жылдын ноябрь айынан бери камакта жатат. Аны Улуттук коопсуздук комитети “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыптоодо. Бийликти ачуу сындап келген Базаркулов өзүнүн камалышын кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, муну сөз эркиндигине кысым катары баалаган.


Деген менен кыргыз бийлиги сөз эркиндигине кысым болуп жатат деген дооматтар суу кечпей турганын айтып келет. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бийликке келген күндөн тартып бир канча жолу сөз эркиндиги сакталарын убада берген. Октябрь окуяларынын тушунда коррупция менен күрөш үчүн журналисттерден жардам сураган.

Акыркы маегинде ал сөз эркиндиги, журналисттерге козголуп жаткан кылмыш иштери тууралуу пикирин билдирип, кысым-басым жок экенин айткан.

“Эч кандай басым-кысым жок. Ар ким социалдык түйүндөрдө каалаганын сүйлөп эле жатышат го. Айрым ичи бузук медиа өкүлдөрү өз кылмыштарына жооп бербей, кутулуп кетиштин айласын кылып, “кокуй эле кокуй, мени камап атышат” деп кыйкырып чыгып жаткандары бар. Аларды билебиз. Алар - же кылмыштары бар, же иликтөөчү журналист боло калып, калптардын баарын бир кишиге чаптай салгандар. Иликтесин, ичип-жегендер болсо, бетин ачып беришсин, ал бизге да пайда жана жардам болот. Бирок иликтегичмин деп эле популист болуп, бирөөгө адилетсиз көө жаап жатса, экинчи тарап деле жөн олтурбайт да”.

Президент 2021-жылы “фейктерге каршы” деп аталган“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Ага мурдагы бийликтердин тушунда кол коюлбай, улам артка жылып келаткан болчу.

Бул мыйзам кабыл алынып жатканда жергиликтүү жарандык активисттерден тышкары бир катар эл аралык уюмдар камтамачылык билдиришкен. Эл аралык абройлуу Human Rights Watch укук коргоо уюму президент Садыр Жапаровду сөз болуп жаткан мыйзамга вето коюуга үндөгөн.


Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев жаңы бийлик келгенден кийин өлкөдө сөз эркиндиги чектелди дегенге анчейин кошулбайт.

Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

“Мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен Европага жакын мамлекеттерди албаганда Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейм. Албетте, батыш өлкөлөрүнө салыштарганда көйгөйлөр бар, бирок алдыга жылып жатабыз. Социалдык тармак күчөгөндөн бери журналист ким, блогер ким, катардагы адам кайсы экени билинбей калды. Журналистикага тиешеси жок адамдар камалып кетсе деле басма сөз эркиндигине сөз тийип жатпайбы. Садыр Жапаров президент болгондон кийин сөз эркиндиги начарлап кетти дегенге 90% кошулбайм. Баары сонун дегенден алысмын. Менин оюмча, иликтөөчү журналисттер дагы кынтыксыз болуш керекпи деп калдым”.

Кыргызстандын сөз эркиндиги боюнча рейтинги менен катар демократиялык абалы дагы көңүл жылытарлык эмес. Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошкон. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөдү. Бул деген өлкөдө жарандардын саясий укугу жана эркиндиги начарлап кеткенин көрсөтөт.

Кылмыш иши козголуп, директору камакка алынган Next TV телеканалынын кожоюну, саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстандын сөз эркиндиги, демократиялык көрсөткүчтөрү начарлап кеткенин айтат.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

“Эч ким тана албай турган дүйнөдөгү адамдар кайрыла турган индекстер бар. Маанилүү эки эле индекске токтоло турган болсок, Кыргызстандын абалы начарлап кеткен. Өткөн жылдагы абалыбыз начар болсо, быйылкы көрсөткүч дагы начарлады. Англиянын белгилүү демократиялык индекси боюнча Кыргызстандын көрсөткүчү сегиз пунктка ылдыйлады. Демек, акыркы эки жылда, жаңы бийлик келгени Кыргызстанда сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй доо кетти десек болот”.

Ал эми мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев эл аралык уюмдардын рейтинги тышкы таңуулоо болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

“Сөз эркиндиги, дин тутуу эркиндиги - адам баласына жаралгандан тартып энчиси. Ал энчини жашап жаткан коомго туура келе тургандай пайдаланыш керек. Эркиндик деп коюп эле коомго туура келбеген укуктарды пайдаланган болбойт. Биз сөз эркиндиги, дин тутуу эркиндиги боюнча көп мамлекеттен алдыдабыз. Чет жактын таңуулоосу менен иш кылып жатабызбы? Азыркы бийликке бир жылда сөз эркиндиги начарлап кетти деген доомат жукпайт. Азыркы бийликти мактагым келбейт, бирок жөн сын айтуудан дагы алысмын. Ал рейтинг алар менен иштеген саясатчылардын, укук коргоочулардын айтканы менен түзүлөт эмеспи”.

“Чек арасыз” кабарчылар уюму басма сөз эркиндиги боюнча рейтингди 2002-жылдан бери жарыялап келет. Кыргызстанда биринчи президент Акаевдин бийликтеги акыркы жылдарында басма сөз эркиндиги начарлап, бул тенденция Курманбек Бакиевдин президенттик мөөнөтүнүн акыркы бир нече жылында ого бетер күчөгөн.

Андан кийинки президент Алмазбек Атамбаев дагы бийликтеги акыркы жылында маалымат каражаттарына чоң суммадагы акчалай доолорду коюп, Кыргызстан рейтингде тогуз баскычка артка кеткен.

Ошентсе да Кыргызстандагы абал коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу дурус деп бааланат. Соңку жылдары Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча Борбор Азияда гана эмес, айрым КМШ өлкөлөрүнүн арасында туруктуу түрдө алдыда келе жатат. Коңшу өлкөлөрдүн көрсөткүчү Кыргызстандан дээрлик эки эсе төмөн.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун изилдөөсүндө “сөз эркиндиги өтө оор абалга келген” өлкөлөрдүн саны өскөн. Мурдагы СССРден тараган өлкөлөрдөн Түркмөнстанда (177), Азербайжанда (154), Беларуста (153) жана Тажикстанда (152) кырдаал оор экени көрсөтүлгөн. Орусиянын беш баскыч артка кетиши өлкө тарыхындагы эң жаман көрсөткүч болду.

Кыргызстан 2020-жылы 82, былтыр 79-орунда болчу. 2022-жылдын жыйынтыгында 72-сапка чыкты.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG