Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Өзбекстанда орусиялык компаниялар көбөйдү


Ташкент шаары. Иллюстрациялык сүрөт
Ташкент шаары. Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстанда апрель айында орусиялык капитал салынган 103 компания түзүлдү.

Январь менен салыштырганда бул төрт, март айына караганда эки эсеге көп. Мамлекеттик статистикалык комитеттин отчетуна ылайык, быйылкы жылдын төрт айында Өзбекстанда чет өлкөлүктөрдүн катышуусунда 798 компания катталды. Биринчи орунда Орусия, экинчиде Түркия, андан кийин Кытай турат.

Баяндамада айтылгандай, орусиялык компаниялардын саны Москва Украинада “атайын операция” баштагандан бери кескин көбөйгөн. Мындан тышкары чет өлкөлүк капиталдын үлүшү менен санарип жана байланыш тармактарында 45 фирма негизделди.

IT-компаниялардын көбөйүшүнө Орусияга каршы салынган санкциялар да салым кошууда. Маалыматка караганда, жазалоочу чаралардан улам бир катар компаниялар жана адистер кеңселерин Борбор Азияга, асыресе Ташкентке көчүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG