Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Ысык-Көлдө күйөөсүнөн токмок жеген аял каза болду


Кыз-келиндерге зомбулукка каршы акция. Бишкек. 2021-жыл.
Кыз-келиндерге зомбулукка каршы акция. Бишкек. 2021-жыл.

Ысык-Көл районунун Бостери айылында күйөөсү сабаган аял 11-майда каза болду. Облустук ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, ал райондук ооруканага 10-майда денеси токмоктон көгала болгон абалда түшүп, анын мээси чайкалганы аныкталган.

Милиция бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аялдын өлүмүнө шектүү катары 50 жаштагы күйөөсүн кармады.

Алдын ала жүргүзүлгөн тергөөдө аныкталгандай, күйөөсү 9-май күнү аялы менен урушуп, башына жана курсагына урган. Аял эс-учун жоготуп, жерге жыгылганда күйөөсү уктаганы кеткен. Аны эртеси күнү таңда уулу көрүп калып, "Тез жардам" чакырган.

Кылмышка шектүү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу камоочу жайына камалды.

Кыргызстанда 2021-жылы 10 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде парламенттеги жыйында айтып, балдарды, аялдарды, майыптыгы бар кишилерди жана улгайган адамдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо өлкөнүн актуалдуу маселеси бойдон калып жатканын билдирген.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда соңку алты жылда жүздөн ашуун кыз-келин үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG