Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Пхеньян өлкөдө коронавирустун биринчи учуру катталганын билдирди


Коронавируска байланышкан жыйын, Пхеньян. 11-май, 2022-жыл.
Коронавируска байланышкан жыйын, Пхеньян. 11-май, 2022-жыл.

Түндүк Кореянын бийлиги өлкөдө коронавирустун биринчи учуру катталганын билдирди. Бир катар маалымат каражаттары түштүк кореялык "Йонхап" агенттигине шилтеме берип, "омикрон" варианты Пхеньянда 8-майда алынган анализдерде табылганын жазды.

Буга байланыштуу өлкөдө чукул абал киргизилди жана карантин жарыяланды. Канча киши инфекцияны жуктуруп алганы айтылган эмес. Өлкө лидери Ким Чен Ын вирустун жайылышын токтотуу тапшырмасын берип, кризис жөнгө салынарына убада кылды.

Буга чейин расмий Пхеньян пандемияда COVID-19дун бир да учуру катталбаганын билдирип келген. Бийлик буга чек араларды толук жабуу жардам бергенин айтканы бар. Жетекчилик атүгүл эл аралык долбоордун алкагында вакцина алуудан баш тарткан. Эксперттер коронавирус Түндүк Кореяда жок деген ырастоолорго күмөн саноо менен карап келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG