Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга төрага болду


Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Президент Садыр Жапаровдун 10-майдагы жарлыгына ылайык, Каныбек Осмоналиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен комиссиянын мурдагы төррагасы Сыртбай Мусаев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Жаңы төраганы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук комиссиянын жамаатына 12-майда тааныштырды.

Мамлекеттик тил комиссиясы былтыр мамлекет башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия болуп түзүлгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG