Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Финляндиянын президенти жана премьери НАТОго мүчөлүктү колдошту


Финляндиянын президенти Саули Ниинистё. Хелсинки, 12-май 2022-жФиыл
Финляндиянын президенти Саули Ниинистё. Хелсинки, 12-май 2022-жФиыл

Финляндиянын президенти Саули Ниинистё жана премьер-министри Санна Марин өлкөнүн НАТОго киришин колдошту.

12-майда жарык көргөн биргелешкен билдирүүдө жетекчилер блокко кошулуу Финляндиянын коопсуздугун бекемдөөгө жардам бере турганы белгилешти. Парламент бул демилгени колдосо, аскердик альянс менен Орусиянын чек арасы 1325 километрге кеңеймекчи.

Маалыматка караганда, Хельсинки арызын жакынкы күндөрдө тапшырганы жатат.

Ниинистё 11-майда Финляндиянын НАТОго мүчө болушу Орусияга эч кандай коркунуч жаратпай турганын, Москва Хельсинкини мындай кадамга өзү түрткөнүн түшүнүүгө тийиш экенин билдирген.

"Өлкө бир дагы блокко кошулбайт деп өзү тандаган, бирок Орусиянын "Финляндия альянска кире албайт" деген билдирүүсү ойлондурбай койбойт. Украинадагы окуялар Москва кошунасына кол салуудан да кайтпай турганын даана көргөздү", - деп кошумчалады саясатчы.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Финляндия бейтарап макамын сактап келген. Муну менен бирге 1994-жылдан бери НАТО менен кызматташчу жана Ооганстандагы миссияга катышкан.

Финляндия аскердик уюмга качан кабыл алынары азырынча белгисиз. Түндүк альянстын расмий өкүлдөрү Хельсинки жана Стокгольмдун арыздары 28-29-июнда Мадриддеги саммитте талкууланышы мүмкүн экенин туюндурушкан.

Андан кийин 30 мүчө мамлекеттин улуттук парламенттери маселени колго салууга тийиш. Кабыл алуу жараяны бир жылга чейин созулушу ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG