Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Чек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин 12-майда Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 11-майда чек арада болгон окуяга байланыштуу дароо Тажикистандын Лахш багыты боюнча өкүлдөр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, мындан ары андайга жол бербөө жана пайда болгон маселелерди биргелешип ыкчам чечүү тууралуу макулдашылды.

Чек ара кызматы билдиргендей, 11-майда саат 20:30 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кароол-Дөбө деген жеринде Карамык айылынын тургундары кызуу абалында тажик тарапка чек арадан мыйзамсыз өтүп, коңшу өлкөнүн чек арачылары жайгашкан жерге барышкан жана түрдүү маселелер боюнча нааразылыгын айтышкан.

Кыргызстандын чек арачылары окуя болгон жерге дароо барып, ал жарандарды кайра кайтарып келип, жергиликтүү милицияга өткөрүп беришкен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG