Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:46

Төрт айда 1,2 миллиард сом пландан ашык салык чогултулду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Салык кызматы 2022-жылдын төрт айында пландан тышкары 1,2 млрд. сомдон ашык салык чогултту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан январь-апрель айларында мамлекеттик бюджетке 48 млрд. 75 млн. сом салык чогултулган. 2021-жылга салыштырмалуу 18 млрд. 293,5 млн. сом салык көп жыйналган.

Министрлер кабинети мамлекеттик бюджетти 2022-жылы 400 млрд. сомго, 2023-жылы 500 млрд. сомго, ал эми 2024-жылы 600 млрд. сомго жеткирүүгө план койгон.

Кыргызстандын Cалык кызматы 2021-жылы мамлекеттик казынага 105 млрд. 714 млн. сом чогултуп, 2022-жылы 155,6 млрд. сом каражат жыйноону көздөп жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG