Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Жогорку сот: Алексей Ширшовдун соттуулугу жок


Алексей Ширшов. коллаж.
Алексей Ширшов. коллаж.

Жогорку сот "Коррупция" беренеси менен кармалып, үй камагына чыккан "Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун соттуулугу жок экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, Алексей Ширшов Биринчи май райондук сотунун 2015-жылы 19-январдагы чечими менен Кылмыш кодексинин 30-171-166-306-беренелери боюнча кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталган.

Кылмыш кодексинин 221-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык сотунун 2015-жылы 19-марттагы чечими менен райондук соттун айыптоо өкүмү өзгөртүлүп, он миң сом айып салынган. Айып пул 2015-жылы 25-августта төлөнгөн. Жогорку сот 2021-жылы 26-июлдагы чечими менен шаардык соттун 2015-жылы 19-марттагы чечими күчүндө калтырылган.

Кылмыш кодексинин 76-беренесине ылайык, түрмөгө кесилбеген жеңил жаза менен соттолгон адамдардын соттуулугу бир жылдын ичинде жоюлат.

Алексей Ширшовго козголгон дагы бир кылмыш иши боюнча чечим 2018-жылы чыккан. Бишкектин Октябрь райондук соту 2018-жылы 9-октябрдагы өкүмү менен Алексей Ширшовду Кылмыш кодексинин 309-беренесинин негизинде беш эпизод боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Октябрь райондук сотунун чечими 2019-жылы 17-майда жана 18-ноябрда шаардык жана Жогорку сот тарабынан күчүндө калтырылган.

Жогорку соттун маалыматына ылайык, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган адам соттолгон деп эсептелбейт.

Президент Садыр Жапаров 11-майда Алексей Ширшовдун үй камагына чыкканына байланыштуу үн катып, укук коргоо органдары ага карата 2010-жылдан бери кылмыш иштери ачылбаганы тууралуу маалымат бергенин билдирген.

2010-жылы 7-апрелден кийин сот-прокуратура тармагына куратор болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Алексей Ширшовго карата 4-5 кылмыш иши ачылганын айткан.

"Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалып, бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болду. Аталган орган бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылууда. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG