Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Министр Иманов Ширшов менен жолугуп турарын билдирди


Талантбек Иманов.
Талантбек Иманов.

Санарип өнүгүү министри Талантбек Иманов "Коррупция" беренеси менен кармалып, үй камагына чыккан "Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов анын кызматтык автоунаасы менен жүргөнү тууралуу маалыматты четке какты.

"Азаттыкка" берген комментарийинде ал Ширшов менен жолугуп турарын ырастады.

“Алексей Ширшов менен жолугуп эле жүрөм. Жашыра турган эч нерсе жок. Эмне кызматташтык болмок эле, 12 жыл өттү. Менин андай унаам жок. Унаама түшкөн эмес", - деди Иманов.

Буга чейин Kaktus.media басылмасы жеке булактарына таянып 11-майда Алексей Ширшов Талантбек Иманов жана Нурлан Байымбетов атуу адам менен бирге саат 17:00дөр чамасында "Дастан" ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин иш бөлмөсүнө чогулганын жана ал жерде эки саатка жакын сүйлөшкөнүн жазып чыккан. Алексей Ширшов Апышевге таандык деген унаа менен чыгып, министр Талантбек Имановдуку болушу мүмкүн деген машинеге отурганын тартып алганын жазган.

Иманов санарип өнүгүү министри болуп январь айында дайындалган. Ага чейин "Дастан" ачык акционердик коомун жетектеген. Иманов 2010-жылга чейин Алексей Ширшовдун жакын адамдарынын бири болгону айтылып келет.

"Дастан" ачык акционердик коомунун директору Эрик Апышевден бул тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Алексей Ширшов 10-майда кармалып, ошол эле күнү соттун чечими менен 26-майга чейин үй камагына чыгарылган.

Президент Садыр Жапаров 11-майда Фейсбуктагы баракчасына Ширшовду бир канча ай мурда кабыл алганын, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин банкта камактагы 200 миллион долларын кайтарууга көмөктөшүп жатканын жазган. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG