Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Жогорку Кеңеш министр кызматына Имановдун талапкерлигин жактырды


Талантбек Иманов.
Талантбек Иманов.

Жогорку Кеңеш 19-январдагы сессиясында санарип өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин колдоду. Ага 53 депутат "макул", үчөө "каршы" добуш беришти.

Иманов министрдин милдетин аткаруучу болуп ушул айдын башында дайындалган жана коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын келгени талаш-талкуу жараткан. Ал буга чейин “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген.

Журналисттер Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун иликтеп чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, Иманов 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. Апрель ыңкылабынан соң Ширшов өлкөдөн качып кеткен учурда анын үйүндө жашап жүргөнү да айтылган.

Талантбек Иманов мындай маалыматтарга комментарий берип жатып, "Дастан" заводунда бир канча жетекчи менен иштешкенин айтты. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG