Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

"Кара июлда" 400 ИВЛ аппараты колдонулбай, кампада турганы белгилүү болду


2020-жылы "Дастан" заводуна Орусиядан алынып келген өпкөнү жасалма дем алдыруучу 400 аппарат (ИВЛ) колдонулган эмес. Мындай маалымат Жогорку Кеңеште Санарип өнүктүрүү министрлигине сунушталып жаткан "Дастан" заводунун мурдагы жетекчиси Талант Имановдун талапкерлигин кароо учурунда белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов 2020-жылы "Дастан" заводуна алынып келинген жасалма дем алдыруучу аппараттардын (ИВЛ) тагдырына кызыгып, алар кымбат баада алынганын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аппараттардын акчасы төлөнүп берилбегендиктен эки жылдан бери кампада туруп калганын, өкмөт аны төлөп, бир-эки жуманын ичинде Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп бергени жатканын айтты.

Байсалов 2020-жылы пандемия башталганда жасалма дем алдыруучу аппараттар (ИВЛ) тартыш болуп, баасы бир канча эсе кымбаттаганын, андыктан анын баасынын кымбаттыгын эмес, эмне себептен аппараттар 2020-жылы колдонулбай кампада турганын иликтөө керектигин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов жасалма дем алдыруучу аппараттар (ИВЛ) 2020-жылы эмнеге колдонулбай калганын иликтөө керектигин, бирок азыркы учурда кымбат баа менен сатып алуу туура эместигин билдирди.

Санарип өнүктүрүү министрлигине сунушталган Талант Имановдун айтуусунда, 400 аппараттын 300ү стационардык, 100ү жылдырылма аппараттар.

2020-жылдын июлда коронавирус күчөп, Кыргызстанда жүздөгөн өмүрлөрдү алып кетти. "Каралуу июлдагы" өлүм санынын көп болушу кийин каза болгондордун жакындарында бир топ суроону жаратып, тармактар аралык изилдөө комиссиясы түзүлгөн. Жыйынтыгында бир нече мыйзам бузуу фактылары аныкталганы кабарланган.

Министрликтин башында турган жооптуу адамдар коронавирус жаңы оору болгондуктан, тийиштүү иш-чаралар убагында аткарылбай калганын моюнга алышкан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG