Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Эдил Байсалов санариптештирүү тууралуу мурдагы бийликти сындады (видео)


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов буга чейинки бийликтин тушунда санариптештирүү тууралуу убадалар берилгени менен иш жүргөн эмес деп билдирди. Өкмөт өкүлү бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешевдин сын-дооматына жооп берип жатып айтты.

"Буга чейин көп ураан айтылган, баяндамалар жасалган, "40 кадам" жана башка программалар болгон. Бирок биз азыр болсо баарыбыз өнүккөн өлкөлөрдү тим эле коелу, жаныбыздагы мамлекеттердин алда канча алдыга кеткенин байкап отурабыз. Жогоруда айтылган проблемаларды биз билебиз, баарыбыз аны чечип жатабыз. Сөз эмес, иш жүзүндө чечип жатабыз. Дастан Далабаевич, жаңы өкмөткө, жаңы министрге убакыт бериңиз. Көйгөлөр сиз айткандан жүз эсе начар. Биз маселелерди жакынкы убакта чечип, жыйынтыгын көрсөтөбүз".


Парламент ушул тушта санарип өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин карап жатат.

Иманов министрдин милдетин аткаруучу болуп ушул айдын башында дайындалган жана коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын келгени талаш-талкуу жараткан. Ал буга чейин “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген.

Журналисттер Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун иликтеп чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, Иманов 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. Апрель ыңкылабынан соң Ширшов өлкөдөн качып кеткен учурда анын үйүндө жашап жүргөнү да айтылган.

Талантбек Иманов мындай маалыматтарга комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG