Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Суракта Мадумаров менен Бекназаров беттештирилди


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Кыргыз-тажик чек арасы тууралуу иш боюнча Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров менен Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров беттештирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бекназаров Июнь окуясы боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев менен дагы беттештирилди.

Адахан Мадумаров 19-январда Башкы прокуратурага дагы бир жолу сурак берип чыкты. Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары суралып баштаган.

Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров Кыргызстанга Июнь окуясы боюнча көрсөтмө берүү үчүн келгенин, тергөөнүн Мадумаров боюнча суроосуна жооп берүүгө макул болгонун айткан. Бирок "ага каршы көрсөтмө берүүгө келди" деген сөздөр негизсиз экенин билдирген.

Адахан Мадумаров 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ал кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат ал документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырууда.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атады. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын айтып жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG