Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Кыргыз-казак чек арасы: илбирс терисин алып өтүүгө аракет кылган учур катталды


Кыргызстанда илбирсти аткан, анын терисин соодалаган учурлар буга чейин дагы катталган.
Кыргызстанда илбирсти аткан, анын терисин соодалаган учурлар буга чейин дагы катталган.

Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы окуя Чүйдөгү Чалдыбар айылынын Казакстан менен чектешкен жеринде орун алганын билдирди. Ага ылайык, чек ара ыйгарым укуктуу өкүл кап көтөргөн шектүү жаранды байкап калган. Бул тууралуу чек арачыларга кабар берип, өзү ал кишини кууп жетүүгө аракет кылган. Кап көтөргөн жаран жүгүн ыргытып жиберип, качып кеткенге үлгүргөн. Текшере келгенде мүшөктөн илбирстин териси менен башы табылган. Учурда шектүүнү аныктап-издөө иштери жүрүп жатат.

Былтыр апрелде УКМК Ошто үч илбирстин терисин мыйзамсыз соодалап, 4500 долларга сатууну көздөгөн адам кармалганын билдирген. Кылмышка шектүү терилерди Тажикстандан алганын маалымдаган.

Кыргызстанда илбирсти аткан, анын терисин соодалаган учурлар буга чейин дагы катталган.

Илбирс – жоголуп кетүү коркунучундагы жапайы жаныбар, Кызыл китепке кирген жана Кыргызстанда мыйзам менен корголот.

Соңку маалыматтарга ылайык, өлкөдө илбирстин саны 300дөн 350гө чейин деп эсептелген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG