Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Ширшов үй камагына УКМКнын өтүнүчү боюнча чыкты


УКМК имараты.
УКМК имараты.

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкты. Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 10-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырды. Үй камагынын мөөнөтү 26-майга чейин деп аныкталды.

УКМК Ширшовду 10-майда кармап, ал мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген коррупциялык схеманын негизги уюштуруучуларынын бири болгонун, Жазык кодексинин "Коррупция" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, бул схема аркылуу кымбат баалуу кыймылсыз мүлк мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз жол менен чыгарылган, тагыраагы - “Аврора Плюс” эс алуу борборунун аймагынан кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттеж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөн жана факттын негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча тергөө уланып жатканы, башка да адамдардын ишине юридикалык баа берилери жана мамлектке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында тийиштүү чара көрүлөрү белгилүү болгон.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын кичүү уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган, Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов 2010-жылы Бакиевдер качканда өлкөдөн чыгып кеткен. Анын аты Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жемкорлук боюнча иште да аталган. Адвокат Алексей Елисеев бул иш боюнча айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок экендигин «Азаттыка» 2019-жылы билдирген.

Ширшовдун жактоочулары же тарапкерлери азырынча комментарий бере элек.(EBM/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG