Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

БУУ Киев облусунда миңдеген кишинин сөөгү табылганын билдирди


Буча шаары, апрель 2022-жыл
Буча шаары, апрель 2022-жыл

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши орус аскерлери чегингенден кийин Киев облусунда миңдеген кишинин сөөгү табылганын билдирди. Кеңеш муну согуш кылмыштарын айгинелеген далил катары бааласа болот деп эсептейт.

Уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет андай фактылар териштирилип жатканын айтты.

“Киевдин түндүк тарабында бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнүн масштабдары, бир нече кишини чогуу жок кылуу белгилери бар учурлар нес кылат”, - деп билдирди комиссар кеңештин жыйынында. Жолугушууда орус армиясы апрелдин башында Киев облусунан чегингенде эмне болгонун иликтөө керекпи деген маселе талкууланган.

2-апрелде Киев облусу Орусиянын аскерлеринен бошотулгандан кийин шаар-кыштактарда жайкын тургундардын сөөктөрү табылган. Буча шаарында эле 400дөй жашоочу өлтүрүлгөнү такталган. Айрымдарынын колдору артына байланган болчу.

Украина жана Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бул жана башка кылмыштары үчүн Орусияны жоопко тартууга чакырып келет.

Москва айыптоолорду четке кагып, Украинадагы жөн-жай тургундарды бутага албаганын айтууда.

Орус аскерлери жайкын тургундарды атып жаткан учурлар спутниктен, видео камералардан алынган кадрлар менен ырасталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG