Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

УКМК мамлекеттик кызматкер кош жарандыгын жашырганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имараты. Бишкек.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имараты. Бишкек.

Баткен облустук администрациясынын аппарат башчысы А. У. (аталган кызматты Алихан Ураимов ээлеп турат -ред.) Кыргызстандын жарандыгы менен кошо эле Орусиянын да жарандыгын алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аткаминердин кош жарандыгы президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кош жарандуулугун жана жасалма диплом колдонуусун текшерүү тапшырмасынын алкагында жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталды.

А. У. 2021-жылдын 11-январында орус жарандыгынан чыгууга уруксат алганын билдирип, ал тууралуу Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун маалымкатынын көчүрмөсүн көрсөткөн.

Атайын кызмат ал 2018-жылдын апрелде президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилгенин белгилеп, бирок ошол учурда ал орус жараны экенин жашырганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кош жарандыгы билинген соң, быйыл 26-апрелде А. У. мамлекеттик сырды билүү укугунан ажыратылды, учурда аны мамлекеттик кызматтан бошотуу тууралуу облус башчысына билдирүү жиберилди.

Баткен облустук бийлиги бул билдирүүгө комментарий бере элек.

Учурда УКМК чет өлкөнүн да жарандыгын алып жүргөн адам мамлекеттик жана жергиликтүү бийликте кызматта турууга укугу жоктугун, ал эми кош жарандыгын жашырган кызматкерлер иштен алынарын эскертти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG