Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Өзгөндөгү автокырсыктан атасы эки баласы менен каза болду


Бишкек-Ош жолундагы автокырсык. 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Ош жолундагы автокырсык. 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

11-майда Өзгөндүн Ана-Кызыл айылынын тушунда, Бишкек-Ош жолунда Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. "Матиз" автоунаасынын айдоочусу, 31 жаштагы эркек киши ошол жерден жан берген. Анын алты жашар уулу менен беш жашар кызы оор абалда ооруканага жеткирилген. Наристелер экөө тең алган жаракатынан ооруканада чарчап калган.

Балдардын апасы, Toyota land Cruiser унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ооруканада экени кабарланды.

Авария болгон жерден айдоочунун сөөгү жана жарадар болгондор "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары дагы төрт адамды Өзгөн райондук ооруканасына жеткирген.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2021-жылы 7437 автокырсык катталып, анын кесепетинен 868 киши каза болуп, 11 миң 357 адам жараат алды. Жол кырсыктарынан мерт кеткендердин 114ү балдар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG