Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Херсондун Москва дайындаган жетекчилиги Орусияга кошулуу ниетин билдирүүдө


Украинанын Орусия басып турган Херсон аймагынын оккупациялык бийлигинин өкүлдөрү Орусияга кошулуу ниетин билдирип жатышат. Алардын айтымында, Москва дайындаган жетекчилер мындай өтүнүч менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылууну көздөөдө.

Буга чейин Орусиянын бийликчил “Единая Россия” партиясынын өкүлү Андрей Турчак Херсонго барганда бул шаар Орусияда түбөлүк каларын айткан.

Кремль Украинадагы согуштан кийин бул өлкөнүн аймактарын аннексиялоо планы жок экенин, Луганск жана Донецк облустарында көзөмөл орнотуу максаты коюлуп жатканын билдирип келет.

Орусия Украинага кол салуусун "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап жатат.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG