Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Илон Маск Starlink түйүнүнө Орусиядан хакердик чабуул жасалганын айтты


Starlink спутник түйүнү Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштук жагдайда орусиялык хакерлердин жапырт киберчабуулдарына кабылганын компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск 11-майда билдирди. Анын айтымында, согуштун алгачкы мезгилинде Viasat спутник компаниясына чабуул жасалган.

Viasat системасын Украинага Кошмо Штаттар берген деген маалымат бар. Маск өзү да Киевге спутник аркылуу иштөөчү интернет жабдыктарын жөнөткөн. Байланыштын бул түрүн украин армиясы активдүү колдонууда.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, хакерлер Viasat спутнигинин өзүн эмес, анын жердеги инфраструктурасын жабыркаткан, мунун натыйжасында Украинанын өзүндө жана Евробиримдикке мүчө бир катар өлкөлөрдө интернет үзгүлтүккө учураган. Германиянын айрым аймактарында керектен чыккан модемдерди жана программалык камсыздоону калыбына келтирүү иштери азыр да уланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG