Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Чек арадан мыйзамсыз өткөн тажикстандык он бир жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт. Cүлүктү шаары.
Иллюстрациялык сүрөт. Cүлүктү шаары.

Улуттук коопсуздук кызматы 13-майда кабарлагандай мыйзамсыз миграция каналы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн Тажикистандын он бир жараны кармалган.

Кармалган тажикстандыктар Согд облусунун Жаббар Расулов районунун Коргончо айылынын тургундары. “Алар белгиленген тартипти бузуу менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн”деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Бул боюнча "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренесинде каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши катталып, кармалгандар тергөө абагына киргизилген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин солгундап кеткен.

Бул окуядан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

2021-жылы Тажикстандын Согд облусунда 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолгон.

Кыргызстанда да ондогон тажикстандык жарандар чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген кине менен соттолгон. Алардын айрымдарына чек арадагы жаңжалдарга катышкан деген айып тагылган. Кыргызстанда канча тажикстандык камакта отурганы так айтылган эмес.

Быйыл январда Тажикстандагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан кыргызстандык жаран каза болгон.

6-7-май күндөрү Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги түрдүү кылмыштар үчүн соттолуп, ал жактагы абактарда жаткан төрт кыргызстандык жарандан кабар алып, жакындары менен видео байланыш уюштурган .(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG