Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Токтогулда ондогон гектар жерди күздүк үкүчө курту каптады


Күздүк үкүчө курту. Токтогул району.
Күздүк үкүчө курту. Токтогул району.

Токтогулда дыйкандар ондогон гектар жерин күздүк үкүчө курту каптап жатканын билдиришти. Жалал-Абад облусунун Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча башкармалыгынын башчысы Кайрат Садыков 13-майда билдиргендей, бул курт райондо жалпысынан 80 гектар жерди каптады.

Курт райондун Бел-Алды айыл аймагынын Коргон, Сары-Согот айылдарынын жашоочулары кайракы жерге эккен эспарцетин жеп, талааларды такырга айлантууда. Ничке-Сай, Чолпон-Ата айылдарындагы кайракы жердеги тоют өсүмдүктөрүнө түшкөн.

Жалал-Абад облусундагы эгин жана тоют талааларын курт менен чегиртке каптап, жеп жатат. Басымдуу зыянкечтер Аксы, Ноокен, Сузак жана Токтогул райондорунда катталууда.

Ал эми чегиртке Кыргызстанда 13 миңден ашуун гектар жерди каптаганын 11-майда Айыл чарба министрлиги билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, чегиртке Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак, Аксы райондорунда, жана Баткен облусунун Лейлек районунда катталууда. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG