Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын үч жараны каза болду (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын үч жараны Өзбекстандын чек арачыларынын огунан каза болду.

Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы бүгүн, 6-майда кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына 5-майда курал колдонушкан.

Натыйжада 1974-жылы, 1998-жылы жана 2000-жылы туулган үч жаран жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилген. Алар эсине келбей, алган жарааттан улам каза болушкан.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөргөн. Анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну 2022-жылдын 6-майында улантууну макулдашты.


Окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.

5-апрелде Кыргызстандын эки жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан. Алардын Өзбекстан аймагына мыйзамсыз жүк киргизип жатканы кабарланган. Окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылына жакын жерде болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG