Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

Reuters: Бучадагы кыргынга Росгвардия жана чечен армиясы катышкан


Орус аскерлери шаардан чыгып кеткенден кийин Бучадан табылган аялдын сөөгү, апрель, 2022-жыл
Орус аскерлери шаардан чыгып кеткенден кийин Бучадан табылган аялдын сөөгү, апрель, 2022-жыл

Reuters агенттиги Бучадагы кыргын боюнча масштабдуу иликтөө жүргүзүп, оккупация маалында шаарда орусиялык кайсы аскер бөлүктөрү болгонун аныктады.

Жергиликтүү тургундардын сурамжылоосуна жана табылган документтерге ылайык, Киев аймагындагы аскердик кылмыштарга Росгвардиянын “Витязь” бөлүгү, Псковдон келген 76-аба-десанттык дивизиясы жана Чеченстандан келген аскерлер катышкан.

Украинанын Улуттук гвардиясынын кызматкерлери орус аскерлери штаб уюштуруп, кийин сегиз адамдын сөөгү табылган Яблунск көчөсүндөгү имараттын жанынан Константин Коршуновдун наамына жазылган күбөлүктү табышкан. Reuters агенттигинин журналисттери ал "Витязь" дивизиясына караштуу №3179 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнүн аныкташкан.

Бучадагы жергиликтүү тургандардын биринин үйүнөн Александр Логвиненкого жөнөтүлгөн кат табылган. Reuters агенттигинин иликтөөсүнө ылайык, ал Псковдон келген десантчы болгон. Орус аскерлери турган кошуна үйдүн дубалына "Wolf_68" деп жазып кетишкен. Журналисттер бул кол жазма 76-гвардиялык аба чабуулу дивизиясынын курамына кирген 234-авиация полкунда кызмат өтөп жаткан орусиялык Кирилл Крючковго таандык экенин аныкташты. Ал социалдык тармактарда ушундай ат менен катталган.

Чечен армиясынын кыргынга катышканы жергиликтүү тургундардын көрсөтмөлөрүнөн тышкары социалдык тармактарга аскерлер тарабынан жарыяланган фото жана видеолор менен далилденет. Аталган агенттик Бучада жана анын айланасында аймактын лидери Рамзан Кадыровго байланышы бар кеминде үч чечен отряды бар экенин аныктаган.

2-апрелде Киев облусу Орусиянын аскерлеринен бошотулган. Алар чыгып кеткенден кийин шаарларда жана кыштактарда жайкын тургундардын сөөктөрү табылган. Бучанын өзүндө эле 400дөй жашоочу өлтүрүлгөнү такталган.

Украина жана башка батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бул жана башка кылмыштары үчүн Орусияны жоопко тартууга чакырып келет. Кремл бул айыптоолорду төгүндөп, украин тарапты күнөөлөгөн. Орус аскерлери жайкын тургундарды атып жаткан учуру спутниктен алынган кадрлар менен ырасталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG