Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:05

Украина-Германия президенттери келишпестиктерди талкуулады


Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер. Архивдик сүрөт.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер. Архивдик сүрөт.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-майда телефондон сүйлөшүп, ортодо жаралган түшүнбөстүктөрдү талкуулашты.

Штайнмайердин кеңсеси кабарлагандай, эки лидер бул чалуу “эки тарапка тең маанилүү жана жакшы болгонун” айтышты.

“Келишпестик жоюлду. Эки президент тең тыгыз байланышта болууну макулдашты. Штайнмайер украин элинин орусиялык агрессорлорго каршы баатырдык менен күрөшүнө урмат-сыйын жана колдоосун билдирди”,-деп айтылат билдирмеде.

Штайнмайер буга чейин Орусияга карата мамилесин жумшартканы үчүн Киев тараптан сынга кабылган. Ал 13-апрелде Польшанын, Литванын, Латвиянын жана Эстониянын президенттери менен чогуу Украинанын борборуна келмек, бирок иш сапардын алдында украин тарап аны тосо албай турганын айткан.

Ушундан улам Германиянын канцлери Олаф Шольцтун да Киевге сапары артка жылган. Ал ымала жөнгө салынганга чейин барса, бул “Штайнмайерди сыйлабастыкка” жатып каларын айткан. Парламенттик өлкө деп саналган Германияда президент символикалуу гана мааниге ээ, өлкөдөгү негизги саясатты канцлер жүргүзөт.

Экономикалык жактан Орусиянын мунайына жана башка энергетикалык ресурстан көз каранды болгон Германия акыркы жылдары Москва менен жылуу мамиледе болуп келген. Кремлдин буйругу менен орус аскерлери Украинага басып кирген учурда Берлин орус бийлигин сындаганы менен ага каршы катуу санкцияларды кабыл ала алган эмес.

Орус мунайына тыюу салууга акыркы мезгилге чейин каршылык билдирип келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG