Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:01

Назарбаевдин макамы референдум аркылуу аныкталат


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Казакстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүшү мүмкүн. Анда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин макамы дагы каралат. Бейшембиде Казакстан Мажилисинин Мыйзамдуулук жана сот-укуктук реформа боюнча комитетинин төрагасы Арман Кожахметов референдум 5-июнда өтүшү мүмкүн экенин билдирди.

"Бюллетенде "ооба" же "жок" деген кыска жооптор болот. Өзгөртүүлөр өлкөнүн бардык жарандарына жеткирилиши зарыл. Алар менен таанышып, анан референдумда чечим кабыл алышыбыз керек",-деди Кожахметов​.

"Назарбаевдин макамы Конституцияда бекитилбейт"

Казак парламентинин төрагасы Маулен Ашимбаев "казакстандыктардын 95-99% экс-президент Нурсултан Назарбаевдин конституциялык макамын колдобойт" деп эсептейт. Анын айтымында, жарандар арасында "Конституцияда туңгуч президент үчүн атайын берене болбошу керек" деген пикирди кармангандар көп.

Сенаттын депутаты Ляззат Сулеймен референдум тууралуу мыйзамда биринчи президенттин статусун референдумга коюуга тыюу салган жобо бар экенин жана сенат бул пунктту алып салууну сунуштаганын билдирген.

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, “Республикалык референдум жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 2-пунктунда эми “мамлекеттик көз карандысыздык, биримдик жана аймактык бүтүндүк, анын башкаруу формасы жана эгемен Казакстандын негизги принциптери маселелерин” талкуулоого тыюу салынат.

4-майда мамлекеттик катчы Эрлан Карин “Назарбаевдин тарыхый ролу баарына белгилүү, андыктан аны Баш мыйзамда бекитүүнүн кереги жок” деп билдирди.

"Жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн сунушун эске алуу менен Конституциялык кеңешмеге тунгуч президенттин статусуна байланыштуу норманы алып салуу боюнча кошумча кайрылуу жөнөтүлдү. Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн айтымында, биринчи президенттин тарыхый ролу белгилүү жана Конституцияда өзүнчө бекитүүнү талап кылбайт", - деп жазган Ерлан Карин өзүнүн Telegram каналына.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Эрлан Карин. Нур-Султан, 06-сентябрь, 2019-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Эрлан Карин. Нур-Султан, 06-сентябрь, 2019-жыл.

Анын айтымында, Конституциялык кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу "бардык пункттар боюнча оң корутунду" берди.

4-майда аталган кеңеш өзүнүн сайтына билдирүү жарыялап, анда сунушталып жаткан мыйзам долбоору Конституцияга шайкеш келе турганын жазган. Кеңештин корутундусунда мурдагы президенттин макамы жөнүндө айтылган эмес.

Өткөн аптада президент Касым-Жомарт Токаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүнү сунуштаган эле.

Айрым көз карандысыз эксперттер Токаев жарыялаган “реформаларды” авторитардык режимдин маңызын өзгөртпөгөн "косметикалык өзгөртүү" деп аташкан. Конституциялык кеңеш бул демилгелер “саясий системаны олуттуу түрдө өзгөртөт” деп ырастоодо.

25-апрелде Казакстандын Конституциясын өзгөртүү боюнча жумушчу топ Башкы мыйзамда өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин макамын “көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү катары” киргизүүнү сунуштаган.

Жумушчу топтун мүчөсү Ермек Абдрасулов муну “тунгуч президенттин өлкөнү куруудагы зор эмгек жасаганы менен түшүндүрүп, ага бүтүн дүйнө күбө экенин” айткан.

Казакстанда Назарбаевдин кланы алсырады

Кандуу Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жакын адамдарынын көбү кызматтан кеткен. Учурда анын маркум инисинин улуу Кайрат Сатыбалды жана мурдагы кудасы Кайрат Боранбаев акчанын изин жашырууга байланыштуу камакта отурат. Мурдагы президенттин тун кызы Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшырып берген.

Буга чейин казак өкмөтү Кайрат Сатыбалды ээлик кылары кабарланган "Казактелеком" компаниясынын 28,8% акцияларын мамлекеттин менчигине кайтаруу тууралуу токтом кабыл алган. Шейшембиде "Самрук-Казына" фондунун башкармалыгынын төрагасы Алмасадам Саткалиев камактагы Сатыбалды эми бул акцияларды өкмөткө "белекке берерин" кыйытты.

"Биздин маалыматыбыз боюнча Кайрат Сатыбалды бул акцияларды өкмөткө "белекке берүүгө" даяр. Кийин ал акцияларды эмне кылуу керектигин өкмөт аныктайт. Балким, "Самрук-Казынага" берет же башка чечим кабыл алат. Биз мындай чечимди колдойбуз".

Бирок казак аткаминер бул чечим Кайрат Сатыбалдынын камакка алынышына байланышы бар-жогун айткан жок.

"Казактелекомдун" жогоруда айтылган акциялары мамлекетке өткөрүлөрү тууралуу маалымат 12-апрелде чыккан. Ага чейин 13-мартта Сатыбалды "кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана "Казактелеком" акционердик коомунун каражатынын уурдалышы" боюнча камакка алынганы кабарланган. Анда өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сатыбалдынын мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген кылмыштарга катышы бар-жогу иликтенип жатканын билдирген. 15-мартта Нур-Султанда анын бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алуу чечими кабыл алынган эле.

2021-жылы "Азаттыктын" казак кызматы Кайрат Сатыбалды "Казактелеком" компаниясынын 24 % акциясына ээлик кылган Skyline Investment Company S.A офшордук фирмасынын жападан жалгыз негиздөөчүсү экенин жазган. Бул маалымат люксембургдук LRB реестринин документинен алынган.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Сатыбалды 2016-жылы өзүнүн Alatau Capital Invest компаниясы аркылуу "Казактелекомдун" акцияларынын 4% аз бөлүгүн сатып алган.

Серепчилер Январь окуяларынан кийин Казакстанда Назарбаевдин кланы алсырап, президент Касым-Жомарт Токаевдин таасири күчөгөнүн билдирип келишет.

Нурсултан Назарбаев президенттик кызматты 2019-жылы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген.
Нурсултан Назарбаев президенттик кызматты 2019-жылы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген.

Президент Касым-Жомарт Токаев 11-январда Мажилистеги сөзүндө биринчи жолу Назарбаевди сындап, "элбашынын аркасы менен өлкөдө өтө кирешелүү компаниялар жана эл аралык деңгээлден алып караганда да ашынган байлардын катмары пайда болгонун" айткан.

Ал эми Нурсултан Назарбаев Январь окуясынан бери эки ирет гана кайрылуу менен чыгып, өзүн "ыйгарым укуктарынын баарын тапшырып берген пенсионермин" деп атаган.

Казакстанды 30 жылдай башкарган Нурсултан Назарбаевдин бийлиги тушунда анын жакындары жана санаалаштары өлкөдөгү эң таасирдүү фигураларга айланган. Агасы, кыздары жана күйөө балдары курулуш, соода, транспорт жана банк тармагында эбегейсиз бизнеске ээ болуп, байыган. Алардын байлыгынын булактары ачык айтылбайт.

Батышта Назарбаевдердин кыймылсыз мүлктөрүн “күмөндүү каражаттарга” сатылып алынган деген жүйө менен камакка алууга аракет кылышкан. Бирок Казакстанда эң бай үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кимиси суракка алынган эмес.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG