Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Токаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштады


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституцияга өзгөртүү киргүзүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Мындай билдирүүнү ал 29-апрелде Казакстан эл ассамблеясынын кезектеги сессиясында жасады.

Ал Казакстанда соңку ирет референдум 1995-жылы өткөнүн, анда азыркы баш мыйзам бекитилгенин белгиледи.

"Андан соң "республикалык референдум" тууралуу конституциялык мыйзам кабыл алынган. Бирок ал бир да жолу колдонулган эмес. Буга карабай баш мыйзамга төрт жолу өзгөртүү киргизилген",-деди Токаев.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Токаев алгач 16-мартта калкка жасаган кайрылуусунда сөз козгогон. Бул ирет баш мыйзамдагы 33 беренеге 56дай кошумча-алымча киргизүү каралган. Ага ылайык, Конституциялык сот калыбына келтирилет, президентке саясий партияга мүчө болууга тыюу салынат, ал эми мамлекеттин башчынын жакындарына саясий жана жетекчилик кызматтарды ээлөөгө болбойт. Ошондой эле парламенттин жана шайлоо системасынын ишине өзгөртүүлөр каралган. Андан тышкары мурдагы президент Нурсултан Назарбаевди мурдагы "эл башы" статусунан ажыратып, "көз карандысыз Казакстандын түптөөчүсү" катары белгилөө каралган.

Токаев референдум качан болорун тактаган жок. Быйыл жыл башында газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер Казакстандын башка аймактарына жайылып, башаламандыктар менен коштолгон. Ошондон бери Токаев бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылып келет.

XS
SM
MD
LG