Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

БУУнун баш катчысы Киевде жүргөндө орус армиясы сокку урду


Киевге урулган соккулардын бири карапайым тургундар жашаган көп кабаттуу үйгө тийди. 28-апрель, 2022-жыл.
Киевге урулган соккулардын бири карапайым тургундар жашаган көп кабаттуу үйгө тийди. 28-апрель, 2022-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинага барган маалда орус армиясы 28-апрелде Киевге бир нече ракеталык сокку урду.

Маалыматка караганда, чабуул Гуттериш менен украин президенти Владимир Зеленскийдин биргелешкен маалымат жыйыны аяктаары менен жасалган.

Ракеталардын бири баш катчы жайгашкан мейманканага жакын жерге урулган.

Владимир Зеленский бул соккулар Орусиянын "БУУну жана бул уюмдун ишмердүүлүгүн басынтуу аракетин көрсөтөрүн" билдирди.

"Бул жырткычтык акт менен Орусия дагы бир ирет Украинага, Европага, дүйнөгө болгон мамилесин айгинеледи",-деди тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.

Гуттериш өзү "Би-би-сиге" курган маегинде соккулар тууралуу укканда нес болгонун айтты. Буга чейин ал Москванын Украинага басып киришин "акылга сыйгыс" деп айыптап, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин бул согуштун алдын албаганы жана токтото албаганы үчүн сынга алган.

Гуттериш Зеленскийге жолугардан мурда орус баскынчыларынан катуу жабыркаган Буча, Бородянка, Ирпень шаарларында болгон.

Ал эми 27-апрелде Москвада орус лидери Владимир Путин менен жолуккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG