Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:24

Президент Садыр Жапаров укук коргоочулар менен жолукту


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Гүлшайыр Абдирасулова, Нурбек Токтакунов, Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Эркин Убышев, Элина Карагулова, Гүлшайыр Абдирасулова жана башка укук коргоочулар президент Садыр Жапаров менен жолукту.

Алар укук жана сөз эркиндигинин абалын талкуулашканын "Азаттык" радиосуна Рита Карасартова билдирди.

Анын айтымында, Жапаров менен жолугушууну жарандык коомдун өкүлдөрү демилгелеген. Жолугушууда сөз эркиндиги, айрым журналисттерге карата кысым жана адам укуктары тууралуу сөз болгон. Укук коргоочулар президентке сунуштардын тизмесин берип, мындан ары да биргелешип иштөө ниетин билдиришкен.

Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчынын укук коргоочуларга жолукканын ырастады.

Рита Карасартова менен маекти бул жерден угуңуз:

2020-жылы октябрь окуяларында бийлик алмашкандан кийин бийликке келген Садыр Жапаров сөз эркиндигине кысым болбой турганын жана Кыргызстан демократиялык жолдон чыкпасын белгилеп келет.

Акыркы жолу "Кабар" агенттигине курган маегинде өлкөдө оппозициянын болуп турганы жакшы экенин белгилеген.

Бийлик ошол эле маалда жарандык коом, бейөкмөт уюмдардын ишиндеги кемчиликтер жөнүндө дагы айтып, айрым бейөкмөт уюмдарды, укук коргоочу клиникаларды сынга алып келет.

2021-жылы мурдагы бийликтердин тушунда кабыл алынбай келген бейөкмөт уюмдар жана “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” тууралуу талаштуу мыйзамдар кабыл алынып, аларга президент кол койгон. Жарандык коом жана эл аралык уюмдар буга сөз эркиндигине кысым катары баа беришкен.

Акыркы жарым жылда журналисттерге жана укук коргоочуларга иш козголгон учурлар катталды. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG