Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Кепеде жашаган үй-бүлөнүн балдары санаторийге жиберилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Интергельпо көчөсүндөгү мурдагы сарайлардын биринде ижарада жашаган жана кургак учуктан жабыркаган үй-бүлөгө президенттин администрациясы жана "Үмүт булагы" кайрымдуулук фонду жардам берди. Алар менен кошо ошол аймакта жашаган 50 чакты үй-бүлөгө азык-түлүк таратышканын балдардын апасы Рима Илимбек кызы "Азаттыкка" кабарлады.

Анын айтымында, президенттик аппараттын көрсөтмөсү менен балдары Чолпон-Ата шаарындагы атайын санаторийге дарыланууга жиберилди. Тогуз, беш жана үч жаштагы чүрпөлөрү кургак учуктан дарылоочу жайга жайгаштырылды, эки жаштагы кенже уулу ата-энеси менен Бишкекте дарыланууда.

Рима Илимбек кызынын маселесине жергиликтүү бийлик - Ленин райондук акимчилиги, Бишкек шаардык мэриясы да көңүл буруп, азык-түлүк берген. Мэрия балдарга жөлөк пул берүү маселеси атасынын паспорту жаңылангандан кийин чечилерин билдирүүдө.

Буга чейин Рима Илимбек кызы балдарына жөлөк пул ала албай, "Азаттыкка" кайрылып, үй-бүлөнүн кейиштүү абалы тууралуу тасма жарыяланган. Кургак учуктун ачык турү менен ооруган атасынын күнүмдүк таап келгенине жашоого аргасыз болгон үй-бүлө тууралуу тасма жарык көргөндөн кийин кайрымдуулук кылып, жардам колун сунган адамдар да көбөйгөн. (ZKo)

Жер кепедеги балалык, карызга батырган дарт
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:09 0:00

XS
SM
MD
LG