Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

УКМК Баткендеги асфальт төшөө ишин көзөмөлгө алганын маалымдады


Жаңы төшөлгөн асфальт. Баткен.
Жаңы төшөлгөн асфальт. Баткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдайды көзөмөлүнө алганын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында фирма тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн. Бул иштер технологиялык талап бузуу менен аткарылганы айтылат.

"УКМК бул абалды көзөмөлгө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүү жүргүзүүдө", - деп жазылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

Облустук бийлик бул жагдай боюнча комментарий бере элек.

Быйыл президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткен облусунда белгилеген. Анын алдында стадион оңдолуп-түздөлүп, асфальт басылган.

Буга чейин Баткен шаарынын борбордук стадионуна жаңы эле төшөлгөн асфальтты чөп басып кеткен сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна кабылган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG