Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси талкууланды


Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча жыйыны.
Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча жыйыны.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 5-майда кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышты. Анда кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды.

Ташиев Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүрө турганын жана коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде өтүп жатканын белгилеген.

Былтыр март айында Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барган жана жыйынтыгында 22 документке кол коюлган. Эки өлкөнүн лидерлери чек ара маселелерин эң кеч дегенде үч айда чечүүнү макулдашкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Мындан толук бир жыл мурда, 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кандуу кагылышуу болгон. Эки тараптан тең аскерлер менен бирге эле жарандар жабыркап, ондогон адамдар өмүр менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болуп, турак жай, мектептер жана башка курулуштар талкаланып, өрттөлгөн. Андан кийин да курал колдонулган бир нече окуя катталды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG