Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Нурсултан Назарбаевдин макамы Конституцияда бекитилбей турган болду


Алматы облусунун Талдыкорган шаарында Нурсултан Назарбаевдин эстелиги кулатылган. Январь, 2022
Алматы облусунун Талдыкорган шаарында Нурсултан Назарбаевдин эстелиги кулатылган. Январь, 2022

Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорунун алкагында Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин макамын бекемдөө планы жок. Бул тууралуу 4-январда Казакстандын мамлекеттик катчысы Ерлан Карин билдирди.

"Жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн сунушун эске алуу менен Конституциялык кеңешмеге тунгуч президенттин статусуна байланыштуу норманы алып салуу боюнча кошумча кайрылуу жөнөтүлдү. Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн айтымында, биринчи президенттин тарыхый ролу белгилүү жана Конституцияда өзүнчө бекитүүнү талап кылбайт", - деп жазган Ерлан Карин өзүнүн Telegram-каналына.

Анын айтымында, Конституциялык кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу "бардык пункттар боюнча оң корутунду" берди.

4-майда Конституциялык кеңеш өзүнүн сайтына билдирүү жарыялап, анда “Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору Конституцияга дал келе турганын жазган. Кеңештин корутундусунда мурдагы президенттин макамы айтылган эмес.

Жалпысынан бийлик 33 беренеге 56 түзөтүү киргизүүнү пландоодо. Президент Касым-Жомарт Токаев март айында элге “кайрылып”, Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөргөн.

Айрым көз карандысыз эксперттер Токаев жарыялаган “реформаларды” авторитардык режимдин маңызын өзгөртпөгөн "косметикалык өзгөртүү" деп аташкан. Конституциялык кеңеш бул демилгелер “саясий системаны олуттуу түрдө өзгөртөт” деп ырастоодо.

25-апрелде Казакстандын Конституциясын өзгөртүү боюнча жумушчу топ Башкы мыйзамда өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин макамын “көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү катары” киргизүүнү сунуштаган. Жумушчу топтун мүчөсү Ермек Абдрасулов муну “тунгуч президенттин өлкөнү куруудагы зор эмгек жасаганы менен түшүндүрүп, ага бүтүн дүйнө күбө экенин” айткан.

Кандуу Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жакын адамдарынын көбү кызматтан кеткен. Учурда Назарбаевдин маркум инисинин улуу Кайрат Сатыбалды жана мурдагы кудасы Кайрат Боранбаев акчанын изин жашырууга байланыштуу камакта отурат. Мурдагы президенттин тун кызы Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшырып берген.

Серепчилер Январь окуяларынан кийин Казакстанда Назарбаевдин кланы алсырап, президент Касым-Жомарт Токаевдин таасири күчөгөнүн билдирип келишет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG