Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Токаев Казакстанда жаңы үч облус түзүү тууралуу жарлык чыгарды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө аймагында жаңы үч облус түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, азыркы Чыгыш-Казакстан облусунун аймагында бир нече районду өзүнчө бөлүнүп, Абай деп аталган облус уюшулат.

Алматы облусунун аймагынан бир нече район-шаарлар бөлүнүп, Жети-Суу облусу куралат. Ал эми үчүнчү Улуу-Тоо деп аталган облуска Караганды облусунан үч район жана үч ири шаар бөлүнүп берилет.

Жарлык 8-июнда күчүнө кирет. Казакстандын картасындагы облустардын жаңыртылган картасы ошондон кийин чыгарылат. Учурда өлкөнүн административдик картасында 14 облус жана республикалык маанидеги үч шаар бар.

Жаңы үч облус тууралуу сунушту Токаев кандуу Январь окуяларынан кийинки жалпы элге жасаган биринчи кайрылуусунда – 16-мартта жарыялаган. Алматы облусун эки облуска бөлүү чечимин ал аймактын калкы негизинен Алматынын тегерегинде жашай турганы, ошол эле маалда облустун административдик борбору Талды-Коргон алыста жайгашканы менен түшүндүргөн. Калган эки облустун себебин өзүнчө атаган эмес.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Казакстанда согушту, агрессияны сындаган маанай күчөгөн. Орус пропагандачылары буга жооп иретинде казак жергесине “кол салуу” тууралуу кыйыта баштаган. Мурдараак бир катар саясий жана медиа активисттер Казакстандын түндүк жана чыгыш аймактары Орусияга карашы керектигин, жерлер СССР учурунда калыс бөлүштүрүлбөй калганын айтып чыгышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG