Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:26

Миң-Куш: урандын уусун эске салган жер көчкү


Жер көчкү түшкөн аймак. 04.05.2022
Жер көчкү түшкөн аймак. 04.05.2022

Жумгалдын Миң-Куш айылынын кире беришине жер көчкү түшүп, үч күндөн бери жабык турган жол 3-майда бир тараптуу ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан-чачын дагы улана берсе, мындан чоң көчкү жүрүшү ыктымалдыгын эскертти.

Кыштакта уран калдыгы сакталган төрт аймак бардыгы экологиялык кооптонууну да жаратууда.

Деңиз деңгээлинен 2000 метрден жогору Миң-Куш айылынын жолун бөгөп калган көчкү кыштакка кире бериштеги кууш капчыгайга түшкөн. Анын айынан миңкуштуктар үч күн бою сырткы дүйнөдөн бөлүнүп калды.

4 миңдей эл жашаган айылдын тургуну Айбек өтө зарыл иштери барлар тоо боору менен жөө-жалаңдап көчкү түшкөн жерден өтүүгө аракет кылып жатканын айтты.

Миң-Куш 4-май 2022-жыл
Миң-Куш 4-май 2022-жыл

“Өтө зарыл иш барлар көчкүнүн ары жагындагы айылдардан машине чакыртып жатышат. Өздөрү тоо менен жөө басып, эптеп өтүп жатканын көрдүк. Так эле ушул жерге мурда көчкү түшкөн. Ошондо жакшы жасабай коюшкан окшойт. Көчкү жүрүү коркунучу азыр да бар. Эми ишти чала бүтүрбөсө экен деп тиленип отурабыз”.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги капчыгайга 15 миң метр куб көчкү түшкөнүн эсептеген. Көчкү Миң-Куш дарыясынын агымын бөгөп калган. Андан улам суу ташып, жолдун 35-40 метрдей жерин жеп кеткен. Аймакта кооптуу абал жаралганына байланыштуу жол убактылуу жабылды.

Дарыянын нугун тазалап, жолду ачууга министрликтин жана жол тейлөө ишканасынын тийиштүү техникасы тартылган. Миң-Куштагы көмүр казган компаниялардын оор техникасы да жардамга келип үч күн дегенде жол бир тараптуу ачылды.

Миң-Куш. 4-май 2022-жыл.
Миң-Куш. 4-май 2022-жыл.

“Каттам ачылды. Жол коопсуздугун камсыздоо үчүн тиешелүү иштер жүрүп жатат. Түшкөн көчкүнүн кесепетинен бөгөлүп калган суунун нугу түздөлдү. Мындан аркы ишти жолчулар алып барат. Алдыдагы күндөрдө жаайт деп күтүлүп жаткан жаан-чачын нормадан ашык болсо, дагы 20 миң метр кубдан көбүрөөк көчкү түшүшү мүмкүн. Муну биздин адистер изилдеп чыкты. Кыртыш канчалык нымдашкан сайын жер көчкү жүрүү коркунучу активдеше берет. Анын алдын алуу мүмкүн эмес. Бир гана жолу айылга барчу альтернативдүү жолду куруу маселесин карап чыгуу керек”, - деди ӨКМдин Нарындагы башкармалыгынын адиси Мырзабек Арыкчиев.

Совет маалында ураны менен атагы чыккан Миң-Кушта азыр экология маселеси курч. Ушул тапта жети компания тынымсыз көмүр казып иштейт. Айылдыктар көмүр ташыган "КамАЗдар" жолду бузуп жатканына нааразы.

2007-жылы да аймакта жер көчкү жүрүп, анда да 75 миң метрдей топурак-таш так эле ушул жолду жаап калган.

Альтернативдүү жол салууга келгенде адистердин пикири ар кандай. Жумгал райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Жаңыбай Арыков айланма жол куруу маселеси ишке ашпайт деген ойдо.

“Ал жерге айланма жол салганга болбойт. Көчкү түшкөн тилкени кеңейтип эле коюш керек. Анткени ал жолдон быйыл Росатом уран калдыктарын ташый баштайт. Бул иш башталса, жолдун баары жасалышы керек. Азыркы жаралган кырдаалдын кесепетин жоюуга ӨКМ жана биздин мекеме жооптуу”.

Миң-Куштагы уран калдыктарын көчүрүүнү орусиялык "Росатом" компаниясы ишке ашырат. Алар эки жылдан бери аймакта иштеп жатат. Долбоордо компанияга жол салуу милдети да жүктөлгөн.

Президенттин Нарындагы өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров буларга токтолду.

Адыл Сапаров
Адыл Сапаров

“Жолду кеңейтип, көчкүнүн кесепетин жоюу иштерин "Росатомду" карабай эле жүргүзө беребиз. Алар жол салат деген экинчи маселе. Учурда элдин коопсуздугун сактоого аракет кылып жатабыз. Колдогу бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз. Азыр мониторинг жүргүзгөн топ иштеп жатат. Алардын жыйынтыгы менен чечимдерди кабыл алабыз”.

Миң-Куш айылында 4 миңге жакын киши жашайт. Ал жерде уран калдыгы сакталган төрт аймак бар. 2004-жылы жер титирөөдөн кийин тоо этегиндеги жарака беш метрге жетип, коркунуч туудурган.

450 миң тонна уран калдыгын көчүрүүгө кеткен чыгымды Борбор Азиядагы төрт мамлекет көтөрөт. Анын 75% Орусия мойнуна алган. Калганын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан чыгармай болгон.

Уран - Менделеевдин мезгилдик системасында актиноиддер тобуна кирет. Радиоактивдүү, күмүш түстүү, оор металл. Уран жана анын бирикмелери негизинен атом электр станцияларында реактор отуну катары жана өзөктүк куралда, бомба жасоодо дүрмөт катары колдонулат. Мындан сырткары металлургияда, геологияда да иштетилет.

Эл аралык рынокто уран таза үлгүдө сатылбайт. Өндүрүүчүлөр аны чала тазаланган же толук тазаланбаган (закись-окись урана) формада сатышат.

Уран дүйнөдө көбүнчө Казакстанда (жылына 23 миң тонна), Канадада (жылына 13 миң тонна), Австралияда (жылына 5-6 миң тонна), Намибияда (жылына 3-4 миң тонна), Орусияда (жылына 5-6 миң тонна) жана башка өлкөлөрдө өндүрүлөт. Коңшу Өзбекстанда деле жылына 2-3 миң тоннадай уран чыгарылганын маалыматтардан табууга болот.

Кыргызстанда кезинде Кажы-Сайда, Майлуу-Сууда, Шекафтарда, Миң-Кушта, Төө-Моюнда жана башка жайларда уран казылган. Азыр өлкө боюнча урандын калдыктарын сактоочу 23 жай бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG