Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

ӨКМ: Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолу жабык


Сел, Алай, Корул. 4-май, 2022
Сел, Алай, Корул. 4-май, 2022

4-майдын түнүндө саат 21:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон сел жүрүп, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолунун 57-чакырымын каптаган.

Учурда жол каттамы токтогонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, тактоо жана тазалоо иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-май күнү кечке маал жаап өткөн жамгырдан кийин кокту-колоттордон келген суу Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында эки турак үйдү жана короолорун каптаганын кабарлады.

Таластын Бакай-Ата районунда каналдагы суу кирип Биринчи Май айылындагы турак үйлөргө коркунуч жараткан. Нарын шаарында дагы турак үйдүн короосун суу каптаган.

Кыргызгидромет борбору ушул күндөрү тоолуу аймактарда сел коркунучун эскертүүдө. 5-майда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Маалыматка караганда, кээ бир райондордо жаан катуу жаайт.

Сел, көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG