Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Президент Жапаров кыргызстандыктарды Баш мыйзам күнү менен куттуктады


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы кыргыз калкы ар дайым акыйкаттыкты туу тутуп, адилеттикке умтулуп, илгери үмүт менен жашап келгенин белгилеген. Колдонуудагы Конституция адилеттикке умтулуунун, теңчиликтин болушун шарттай турганын айткан. Жапаров 2021-жылдын апрелинде болгон референдумга дагы токтолгон.

"Жалпы кыргызстандыктар саясий системанын туруктуулугун, ата-бабалардын каада-салтынын сакталышын, социалдык кепилдиктер менен камсыз болуу жолун тандашты. Аракеттеги Баш мыйзамыбыздын негизги жоболору аркылуу ишкердик активдүүлүк, жарандык демилге жана коом турмушу ишенимдүү түрдө корголмокчу. Бул Конституция мамлекеттик башкарууда жана мыйзам чыгаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, жарандарыбыздын жашоо-шартын жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиздерди түзөт. Бүгүн биз үчүн ыйык болгон Ата Мекенибизди өзүбүз гана алга сүрөп, өз тагдырыбызды өзүбүз гана чечишибиз керек экенин аңдап-түшүнүүбүз кажет", - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 29 жыл толду.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн.

Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушун жактаган.

Президент референдумда колдоо тапкан Баш мыйзамга Садыр Жапаров былтыр, 5-майда кол койгон.

5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG