Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Манасчы Дөөлөт Сыдыков кызматын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди


Дөөлөт Сыдыков.
Дөөлөт Сыдыков.

Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, өзү үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенин "Азаттыкка" ырастады. Ал кайсы өлкөгө кеткенин жана анын себептерин түшүндүргөн жок. Ошондой эле "кысым болду" деген маалыматтар чын экенин билдирип, ким, эмне себептен кысым кылганын тактаган жок.

"Жумушту өткөрүп бердим. Кетүүгө туура келди", - деп жазды Сыдыков.

Буга чейин манасчы өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат социалдык тармактарга чыккан.

Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында да көтөрүлгөн.

Журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө "Манас" айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде "Манас айылы" жаңыланып, анын маңдайына "Манас" театры салынарын айткан.

Кийин маданий комплексти жаңылоо боюнча жаңы долбоор иштелип чыкканы маалымдалган.

Бишкек шаардык мэриясынын балансындагы "Манас" этно-комплекси "Бишкек" эркин экономикалык аймагы" башкы дирекциясынын балансына 1998-жылы өткөрүлгөн. Реконструкциялоо иштерин жүргүзүү маселеси мындан мурда да бир нече ирет көтөрүлгөн. Буга байланыштуу сынак да жарыяланган, анын жыйынтыгы эмне болгону кабарланган эмес. Комплекс 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган. Айылдын аянты 9 гектарга чукул.

Манасчы Дөөлөттүн өнөр сереси (тасма маек)
please wait

No media source currently available

0:00 0:57:50 0:00

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында Гиннестин рекоррддор китебине катталууга аракет кылып беш күн, беш түн “Манас” айткан.

Ал 2020-жылы 12-ноябрда өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине каттатуу максатында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт тынбай "Манас" айткан. Бирок анын биринчи аракети рекорддор китебине расмий катталган эмес.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 1983-жылы 25-августта Ысык-Көлдүн Тоң районунун Шор-Булак айылында туулган.

Ал Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүн аяктаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG