Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

“Манас айылы” комплексин жаңылоонун долбоору жарыяланды


“Манас айылы” комплексинин долбоору.
“Манас айылы” комплексинин долбоору.

Президент Садыр Жапаров 29-апрелде Бишкек шаарындагы “Манас айылы” этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын тараткан маалыматка ылайык, реконструкциялоодо комплекстин аймагына 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүү каралган. Ар кандай жыйын, курултай өткөрүү залы бар үч кабаттуу боз үй куруу пландалууда. Комплекс аймагына Манас театры менен Манас музейи жайгаштырылат.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде "Кабар" агенттигине курган маегинде "Манас айылы” жаңыланарын айткан болчу. Садыр Жапаров коомдо талкууга түшкөн бул маселе тууралуу суроого жооп берип жатып, ал жер эч кимге берилбей турганын, анын жаңы "Ак үй" менен болгон чеги иретке келтирилип жатканын маалымдады.

Буга чейин журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө "Манас" айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

Бишкек шаардык мэриясынын балансындагы "Манас" этно-комплекси "Бишкек" эркин экономикалык аймагы" башкы дирекциясынын балансына 1998-жылы өткөрүлгөн. Реконструкциялоо иштерин жүргүзүү маселеси мындан мурда да бир нече ирет көтөрүлгөн. Буга байланыштуу сынак да жарыяланган, анын жыйынтыгы эмне болгону кабарланган эмес. Комплекс 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган. Айылдын аянты 9 гектарга чукул. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG