Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

Акылбек Жапаров жыйынга катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыкты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Азаттыкка” кабарлады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйындан соң Акылбек Жапаров дарылануусун ооруканадан улантарын билдирди. Дарыгерлер тобу анын ден соолугуна көз салып турушат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө инфаркт миокардды тастыкталган эмес, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелдеги Бишкектеги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууга келери күтүлүүдө.

Акылбек Жапаров өкмөт башчы болуп былтыр октябрда дайындалган жана ошондон бери социалдык тармактарда анын кызматтан кетери тууралуу сөздөр маал-маалы менен чыгып жатат. Бирок президент Садыр Жапаров бул сөздөрдү төгүндөгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG