Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Иллюстрация. Жалал-Абад, Сары-Челек. Июль, 2019-жыл.
Иллюстрация. Жалал-Абад, Сары-Челек. Июль, 2019-жыл.

30-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 28…28

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Нарын дубанында 1…6, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу аймакта түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачындын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 26…28 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG