Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:26

УКМК Тажикстан “Байрактарды” сатып албаганын билдирүүдө


“Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учак.
“Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учак.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Тажикстандын “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын сатып албаганын кабарлады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тажик тарап “Байрактарды” чыгарган түркиялык ишкана менен келишим түзгөн эмес.

“Ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап "Байрактар" учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка ушуга окшогон түркиялык өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөндүгүн маалымдайбыз”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМК билдирүүсүндө Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүүдө деп айтылат. Кыргызстан Түркиядан сатып алган учкучсуз учактарды Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтардан улам алганын белгилейт.

Атайын кызмат “кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт” деп билдирди.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз тарап Түркиядан “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын коңшу мамлекеттерге сатпоону суранганын билдирген. Кулубаев Тажикстан дагы “Байрактарды” сатып алганы жөнүндө маалыматты чын экенин айткан болчу.

Өткөн жылы декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматына "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылган. Жакында эле Тажикстан Түркиядан "Байрактарды” сатып алары тууралуу маалымат тараган. Бирок Тажикстандын расмий органдары бул боюнча маалымат тарата элек.

“Байрактар” – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орто бийиктикте, узак убакыт уча ала турган учкучсуз аппарат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG