Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Таштанды жай боюнча мурдагы мэрге издөө жарыяланып, жетекчи кармалды


Бишкектин таштанды жайы өтө оор абалда.
Бишкектин таштанды жайы өтө оор абалда.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Бишкектин санитардык полигону” ишканасынын мурдагы жетекчиси Болот Асаналиев кармалып, таштанды полигонуна байланыштуу Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго жана анын Г.А. аттуу кеңешчисине издөө жарыяланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, көзөмөл орган “Бишкектин санитардык полигонуна” бөлүнгөн каражаттар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козгоп, тергөө жүргүзүүдө.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 28-апрелде таштанды жайга бөлүнгөн 22 миллион евронун учурда теңи гана калганын, калган жарымы кайда жумшалганын териштирип-иликтөө үчүн Эсептөө палатасы аудит жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Бул боюнча “Азаттыктын” иликтөөсү жарыяланган. Анда Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация кылуу иштерине деп алынган 22 млн. евронун 6 миллиону гана калганы белгилүү болду. Бирок ушул күнгө чейин акыр-чикир талаасы толук тазаланбай турат. (TSh)

Таштанды талаасына сиңген миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:36 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG