Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Бишкекте кыргыз-казак өкмөт башчылар катышкан жыйын өтүп жатат


Казакстанды премьер-министри Алихан Смаилов министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тосуп алды. 29-апрель, 2022-жыл.
Казакстанды премьер-министри Алихан Смаилов министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тосуп алды. 29-апрель, 2022-жыл.

Казакстанды премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келип, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына катышып жатат. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыкты. Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйындан соң Акылбек Жапаров дарылануусун ооруканадан улантарын билдирди. Дарыгерлер тобу анын ден соолугуна көз салып турушат.

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болуп, айдоочулар казак тараптын катаал текшерүүлөрүнө нааразылык билдирип келишет. Чек арадагы тыгын маселеси өткөн аптада Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Айбек Осмонов мындай мамиле улана берсе, Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

2010-жылы Бажы биримдиги катары Беларус, Казакстан, Орусия түзгөн ЕАЭБ уюмуна Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG