Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

ИИМ таанымал адамдар жарнамалаган каржылык уюмдардан сак болууга чакырды


Милиция тараткан видеодон алынган скриншот.
Милиция тараткан видеодон алынган скриншот.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы акыркы убакта өлкөдөгү таанымал адамдар жарнамалаган турак жай кооперативдери көбөйгөнүн билдирип, тургундарды алданып калбоого чакырган видео тасма жарыялады.

Ал тасмада Ички иштер министрлиги 2022-жылы ар кандай мүлк, турак жай кооперативдери боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 139 киши алданып, андагы чыгымдар 66 млн. сом болгону айтылат. Милиция кандайдыр бир каржылык уюмдарга акча салууда сак болууга чакырат.

Соңку мезгилде өлкөдө турак жай кооперативдеринен алданып калганын айтып арызданган жарандар көбөйдү. Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт.

Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 70тин тегерегинде экени айтылып келет. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG