Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Орусия “Азовсталь” заводуна үч күндүк коридор ачарын жарыялады


Орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводу.
Орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводу.

Украинанын орус күчтөрүнүн камоолунда калган Мариуполдогу “Азовсталь” заводунан жайкын тургундар үчүн 5-6-7-май күндөрү жашыл коридор ачылат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги мекемелер аралык гуманитардык штабына таянуу менен кабарлады.

Билдирмеде бул убакытта орус тарап ок атууну бир тараптуу токтотору, жоокерлер коопсуз аралыкка чейин жылып турары жана жарандардын чыгып кетишине уруксат берилери баяндалат. Жарандар кааласа Украина бийлиги көзөмөлдөгөн аймакка, кааласа Орусия жакка чыгып кетсе болот.

Расмий Киев азырынча буга реакция кыла элек. Мурдараак Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук ок атууну бир тараптуу токтотуу жарандардын коопсуздук камсыз кылып бербей турганын айткан эле.

Акыркы күндөрү Мариупол шаарынан эвакуацияланган 500дөй адам украин бийлиги көзөмөлдөп турган Запорожье шаарына чыгарылды. Алардын арасында жүздөн ашыгы “Азовсталь” заводунан чыгарылгандар экени кабарланган. Заводдун алдында эки айча убакыттан бери жаткандарды алгачкы жолу эвакуациялоо Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен ишке ашты.

3-майдагы билдирүүсүндө Мариуполдун мэри Вадим Бойченко “Азовсталь” заводунда каршылык көрсөтүп жаткан украин аскерлери менен чогуу кеминде 200дөй адам калганын маалымдаган.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган. Заводдун жер төлөсүндөгү баш калкалоочу жайларда миңдей украиналык жашынып жатканы айтылган.

Шаарда канча киши каза болгону белгисиз. Жергиликтүү бийликтер кеминде 20 миңдей адам өлгөнүн, шаардагы курулуштардын 90% талкаланганын кабарлоодо. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG