Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Мариуполдон эвакуацияланган жарандардын экинчи тобу Запорожьеге келди


Мариупол шаарынан эвакуациялангандар. Иллюстрациялык сүрөт.
Мариупол шаарынан эвакуациялангандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан Мариупол шаарынан эвакуацияланган дагы 344 адам украин бийлиги көзөмөлдөп турган Запорожье шаарына келип түштү. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук кабарлады.

3-майда аталган шаардан чыгарылган 156 адам Запорожьеге алып келинген. Анын ичиндеги 101 киши “Азовсталь” заводунан чыгарылгандар болчу.

Заводдун алдында эки айча убакыттан бери жаткандарды алгачкы жолу эвакуациялоо Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен ишке ашты.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган.

Заводдун жер төлөсүндөгү баш калкалоочу жайларда миңдей украиналык жашынып жатканы айтылган. Акыркы маалыматтарда заводдун астында дагы 200дөй адам калган. Шаарда канча киши каза болгону белгисиз. Жергиликтүү бийликтер кеминде 20 миңдей адам өлгөнүн, шаардагы курулуштардын 90% талкаланганын кабарлоодо. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG