Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:53

Кыргызстан 2021-жылдын башынан бери 201 миллион доллар карыз алган


Кыргызстан 2021-жылдын башынан бери тышкы донорлордон 335 миллион доллар каражат алган. Финансы министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, бул каражаттын 201 миллиону насыялык карыз.

Ошол эле маалда тышкы донорлордон мурда алынган карыздардын 117,13 миллион доллары төлөнүп, жалпы карыздын суммасын азайткан.

Жаңы алынган карыздар менен төлөнгөндөрүн эсептей келгенде, өлкөнүн тышкы карызы 2021-жылдын башынан 2022-жылдын 28-февралына чейин 84,38 миллион АКШ долларына өскөн.

Финансы министрлигинен ырасташкандай, 2021-жылы ар кайсы донорлордон бюджетти колдоо багытында 134 миллион доллар гранттык жардамдар алынган. Буга чейин, президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы карызы 2021-жылдын башынан бери 84 миллион долларга өскөнүн билдирген.

Финансы министрлиги 2020-жылдын октябрынан бери "өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 758,3 млн. АКШ доллары суммасында келишимдерге кол коюлганын" жарыялаган. Анын ичинен 291,5 миллион доллары грант, 466,8 миллион доллары насыялык каражат. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG