Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Досоновдун кримтобунун үч мүчөсү маңзат соодасына шек саналып кармалды


Кадыр Досоновго 2011-жылдан бери бир нече кылмыш иши козголгон жана соттон акталып чыккан учурлары болгон.
Кадыр Досоновго 2011-жылдан бери бир нече кылмыш иши козголгон жана соттон акталып чыккан учурлары болгон.

Улуттук коопсуздук комитети кылмыш дүйнөсүндө "Женго" деген каймана ат менен таанымал кримавторитет Кадыр Досоновдун тобунун үч мүчөсү эл аралык маңзат соодасына тиешеси бар деген шек менен кармалганын билдирди. Аларга "Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан" багытындагы маңзат ташыган каналды түзгөн деген айып коюлду.

"Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат" деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Досонов 2021-жылы февраль айында кайра кармалган. Анда УКМК кримтөбөлгө Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Атайын кызматтын маалыматында "буга чейин эч жерде иштебеген, ишкердик менен алектенбеген Досоновго байланыштуу адамдарга катталган 19 автоунаа, 15 турак жай, 35 жер тилкеси аныкталды. Досоновдун мындан тышкары курулуш компанияларын ири өлчөмдө каржылоо фактыларынын бети ачылды" деп жазылган.

Кылмыш дүйнөсүнүн лөгү Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү саналган Досоновго алгачкы жолу 2011-жылы, уюшма кылмыш топторго каршы активдүү күрөш жүрүп жаткан кезде издөө жарыялаган. Бир жылдан кийин, 2012-жылы күзүндө Тажикстанда колго түшүп, Кыргызстанга алынып келген жана ага карактоо, маңзат соодасы, адам уурдоо сыяктуу оор айыптар тагылган. Бирок шаардык сотто акталып чыккан. Милиция Досоновго экинчи жолу 2013-жылы ноябрда кайра издөө жарыялаган жана ал кармалгандан кийин Ош шаардык соту кримавторитетти үй камагына чыгарган.

Ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген негизде 2015-жылдын февралда кайра кармалган. Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан жана 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG